
09:13, 2021-ж., 16-август
Кабул "Талибандын" колуна өттү,-ЖМК

"Талибан" кыймылы президенттик сарайга киргени кабарланды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышууда.
Маалыматка караганда "Талибан" кыймылынын өкүлдөрү президенттин иш бөлмөсүндө отурган сүрөт социалдык тармактарга жаыяланды.
15-августта эртеден бери Кабулду курчап турган "Талибан" кыймылы кечке жуук ооган баш калаасына кирди. Аны улай Кабулдагы президенттик сарай талибдердин колуна өткөнү белгилүү болду. Жекшембинин кечинде "Аль-Жазира" телеканалы президенттик сарайдан түз алып көрсөттү. Бул тууралуу "Азаттык" жазды.
Анда жазылгандай, видеодон талибдердин лидерлери куралчан адамдардын коштоосунда мурда президент Ашраф Гани отурган бөлмөдө топтолуп турганын көрүүгө болот. Кыймылдын өкүлдөрү президенттик сарай кан төгүүсүз талибдердин көзөмөлүнө өткөнүн билдиришти.
"Талибандын" басма сөз өкүлү Забиулла Мужахид жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:30дар чамасында билдирүү таратып, талибдер шаардын коопсуздук күчтөрү таштап кеткен аймактарын өз көзөмөлүнө ала турганын маалымдаган. Ал мындай чечим Кабулдагы талап-тоноочулукту алдын алуу үчүн кабыл алынганын белгилеген.
"Биздин күчтөр Кабул шаарына этияттык менен кирип жатат", - деп айткан Забиулла Мужахид.
Ага чейин "Талибан" кыймылы Кабулду "күч менен" албай турганын, калаага сүйлөшүүлөр аркылуу, тынч жол менен кире турганын кабарлаган.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
15:36
Кечээ
15:31
Кечээ
15:29
Кечээ
14:58
-ж., 21-сентябрь
Атайын тема
Жарыялар
14:03, -ж., 12-сентябрь
22
19:36, -ж., 17-сентябрь
8
live comments feed...
Комментарийлер