• Башкы бет
  • Ош шаарынын борбордук аянтына фонтандар курулат
11:25, 2021-ж., 14-август

Ош шаарынын борбордук аянтына фонтандар курулат

Ош шаарынын борбордук аянтына фонтандар курулат

Оштун борбордук аянтына жөө адамдар үчүн фонтандарды куруу пландалууда. Мындай маалыматты Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Анда айтылгандай, Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов шаардын борбордук аянтына жөө адамдар үчүн фонтандарды куруу долбоорунун алдын ала эскизи менен таанышты. 

«Шаардын борбордук аянтында шаардыктардын кечинде эс алуусу үчүн тиешелүү шарттар болбогондуктан, бул жерге жөө адамдар үчүн фонтандарды курууну пландап жатабыз. Болжолдуу түрдө ар бир объекттин өлчөмү 20х10 м. Аба ырайы ысык болгондо чоңдор да, балдар да фонтандын жанында сейилдеп, эс алууларын көңүлдүү өткөрө алышат. Учурда курулуштун долбоорун даярдоо боюнча иштер жүрүп жатат. Бюджетке күч келтирбеш үчүн, бул долбоорду биргелешип каржылоо программасынын алкагында бизнес чөйрөнүн өкүлдөрү менен бирге ишке ашыруу демилгеси көтөрүлүүдө. Ишти долбоор даярдалып, сметасы бекитилгенден кийин баштайбыз. Мындай фонтан Кыргызстандын эч бир жеринде жок », - деди Алмаз Мамбетов. 

Планга ылайык, фонтандар Лениндин эстелигинин эки тарабына курулуп, айланасына улуттук оюм -чийим түшүрүлгөн, суу өткөрбөй турган брусчаткалар коюлат. Долбоорду даярдоого Бишкектен тиешелүү эксперттер чакырылган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...