• Башкы бет
  • "Жерди трансформациялоо" мыйзамы өзгөрдү
11:19, 2021-ж., 14-август

"Жерди трансформациялоо" мыйзамы өзгөрдү

"Жерди трансформациялоо" мыйзамы өзгөрдү

"Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол коюлду. Бул тууралуу президенттин сайтында жарыяланды.

Маалыматка ылайык,  президент Садыр Жапаров «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган мыйзамга кол койду.

Документ турак жай куруу пландаштырылбаган жер участокторуна үй куруп алган жарандардын көп жылдан берки көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган.

"Маселен, мыйзам менен жол-жоболорду түшүндүрүү жана кайрыла турган органдарды тактоо аркылуу жер участокторуна документтерди алуу тартиби боюнча көйгөйлөр чечилүүдө.Өлкөдө жарандардын жашоосуна кандайдыр бир деңгээлде таасирин тийгизген экономикалык кырдаалга, баалардын өсүшүнө, пандемияга байланыштуу жарандардын жашоо-турмушунда келип чыккан кыйынчылыктарды эске алуу менен бул мыйзам жарандарды айыл чарбадагы жоготууларга байланыштуу компенсацияларды төлөөдөн бошотот.",-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, ушул кезге чейин жер участокторун трансформациялоодо турак жайларды куруп алган жер тилкелеринин ээлери айыл чарба жоготууларын жана алынбай калган пайданы төлөшү керек болчу.

Ошондой эле мыйзам менен жаңы конуштардын инфратүзүмүн жакшыртуу боюнча демилгелер трансформацияланган жерлердин ээлерине өткөрүлүп берилет.

Аталган мыйзам бүгүнкү күндөн тарта күчүнө кирет.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...