
11:15, 2021-ж., 14-август
Ош облусунда унаа кырсыгы 54% өстү

Ош облусу боюнча 358 жол-транспорт кырсыгы катталып, өткөн жылга салыштырмалуу 54,3 пайызга өскөн. Мындай маалымат кечээ, 12-август күнү Ош облусунун коллегиялык жыйынында айтылды.
Маалым болгондой, кырсыктардын кесепетинен 55 адам каза болду. Бул көрсөткүч былтыркыга салыштырмалуу 11 учурга көп.
Облус боюнча унаа кырсыктардын саны төмөнкү райондордо өскөн:
- Кара-Суу районунда 158 жол кырсыгы катталып, 63 пайызга өскөн;
- Өзгөн районунда 88 жол кырсыгы катталып, 37 пайызга өскөн;
- Алай районунда 14 жол кырсыгы катталып, 55 пайызга өскөн;
- Ноокат районунда 69 жол кырсыгы катталып, 47пайызга өскөн;
- Кара-Кулжа районунда 8 жол кырсыгы катталып, 300 пайызга өскөн;
- Чоӊ-Алай районунда 8 жол кырсыгы катталып, 100 пайызга өскөн.
Облус боюнча унаа кырсыктардан каза болгон адамдардын саны төмөнкү райондордо өскөн:
- Кара-Суу районунда 21 адам каза болуп, 9 учурга же 75 пайызга өскөн;
- Алай районунда 4 адам каза болуп, 3 учурга же 300 пайызга өскөн;
- Ноокат районунда 9 адам каза болуп, 2 учурга көп же 28,5 пайызга өскөн;
- Кара-Кулжа районунда 3 адам каза болуп, 2 учурга көп же 200 пайызга өскөн;
- Чоӊ-Алай районунда 2 адам каза болуп, 2 учурга көп же 100 пайызга өскөн.
Өспүрүмдөр аралашкан 101 жол кырсыгы катталып, 52 өспүрүм каза болгон. Жол кырсыгынын саны өткөн жылга салыштырмалуу 49 учурга же 94,2 пайызга өскөн.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
13:36
-ж., 30-сентябрь
13:34
-ж., 30-сентябрь
ТОП новости
Атайын тема
Жарыялар
14:15, -ж., 26-сентябрь
28
live comments feed...
Комментарийлер