
11:12, 2021-ж., 14-август
Ошто жаш балдар катышкан жол кырсыгы 78% өстү

Ош облусунда жаш балдардын катышуусундагы кырсык өткөн жылга салыштырмалуу 78% өстү. Бул тууралуу Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдиргенин "Турмуш" басылмасы жазды.
Маалым болгондой, соңку учурларда айдоочулардын жоопкерчилигинин жоктугунан, мас абалда унаа башкарганынан улам жаш балдардын катышуусундагы жол кырсыгы көп катталууда. Ата-энелер да балдарын көп учурда кароосуз калтырып койгондуктан жолго чыгып ойноп, кырсыкка кабылып калышат.
Ош облусундагы жол тескөөчүлөр жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Ошого карабай балдардын катышуусундагы жол кырсыгы өткөн жылга салыштырмалуу көбөйгөн. Жыл башынан бери жалпы 123 баланын катышуусунда жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 18 бала өмүр менен кош айтышкан. 133 бала денесинен түрдүү жаракат алды.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
13:36
-ж., 30-сентябрь
13:34
-ж., 30-сентябрь
ТОП новости
Атайын тема
Жарыялар
14:15, -ж., 26-сентябрь
28
live comments feed...
Комментарийлер