
14:31, 2021-ж., 13-август
Ош шаарында 8 социалдык объектин курулушу жүрүүдө

Ош шаарында жалпы 8 социалдык объектилеринин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.
Маалым болгондой, Ош шаарында капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан аялдамалардын, 8 социалдык объектилеринин курулушу жүрүп жатат.
"Ош шаарындагы 4 мектеп республикалык бюджеттин эсебинен курулууда. Каражат маселеси болгондуктан курулуш иштери айрым жерлерде токтоп тургандыгын аталган башкармалыктан билдирди. Ал эми жергиликтүү бюджеттен каржыланып жаткан балдар бакчалары жана кошумча курулуштардын иштери кызуу жүрүп жаткандыгын кошумчалады",-деп айтылат маалыматта.
Ал эми Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов айрым кичи шаарчалардагы канализация маселесин чечүүнү тездетүү керек экендигин билдирди. Ак-Буура дарыясынын жээгинде жайгашкан үйлөргө канализацияларды киргизүү иштери боюнча долбоор даярдалып, шаардык кеңештин отурумунда ыкчам карап чыгуу зарыл деп кошумчалады.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
16:36
-ж., 23-сентябрь
16:33
-ж., 23-сентябрь
16:30
-ж., 23-сентябрь
16:27
-ж., 23-сентябрь
16:23
-ж., 23-сентябрь
15:36
-ж., 22-сентябрь
15:33
-ж., 22-сентябрь
15:31
-ж., 22-сентябрь
Атайын тема
Жарыялар
14:03, -ж., 12-сентябрь
22
19:36, -ж., 17-сентябрь
10
live comments feed...
Комментарийлер