• Башкы бет
  • "Талибан" кыймылы үчүнчү ири шаарды басып алды
14:17, 2021-ж., 13-август

"Талибан" кыймылы үчүнчү ири шаарды басып алды

"Талибан" кыймылы үчүнчү ири шаарды басып алды

"Талибан" кыймылы катуу салгылашуудан кийин Ооганстандын үчүнчү ири шаары Гератты басып алды, деп жазат дүйнөлүк басылмалар.

12-августагы салгылашуудан кийин өкмөттүк күчтөр көптөгөн курал-жарак жана аскердик транспортторду таштап, Гераттан чыгып кетишкен.

Мындан сырткары, талиптер ири шаарлардын бири болгон Кандагарды да ээлеп алганы маалым болду. Кандагар "Талибан" кыймылы ээлеп алган  11-администрация болуп калды.

Буга чейин АКШнын чалгын кызматы бир ай убакыттын ичинде талиптер Ооганстандын борбор шаары Кабулду ээлеп алышы мүмкүн экенин, бирок өкмөттүк күчтөр катуу каршылык көрсөтсө абал башка тарапка өзгөрүшү мүмкүн экенин билдирген.

Ооганстанда "Талибан" кыймылынын жортуулдары Америка Кошмо Штаттары менен ТАКУнун (НАТО) күч түзүмдөрү чыгарыла баштагандан тартып башталды. Бул арада аталган кыймы Түркмөнстан, Тажикстан, Өзбекстандын Ооганстан менен чектешкен аймактарын да ээлеп алды.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...