14:09, 2021-ж., 13-август
Акимдерге 1,5 млн.сомдук унаа алынбай турган болду

Президент Садыр Жапаров район акимдерине 60 миллион сомго унаа сатып алууга жарыяланган тендерди жокко чыгарууну тапшырды.
Садыр Жапаров Президенттин Иш башкармалыгынын алдындагы "Автотранспорт" бирикмеси тарабынан райондук администрация башчыларына (акимдерге) 60 миллион сомго унаа сатып алууга жарыяланган тендерди жокко чыгарууну тапшырды.
Бул тууралуу бүгүн, 13-августта, Мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдиргенин "Акипресс" агенттиги жазды.
«Бул чечим өлкөнүн экономикалык оор абалын, ошондой эле аталган маселе боюнча коомчулуктун пикирин эске алуу менен жана бюджеттин өтө зарыл болбогон чыгымдарын азайтуу үчүн кабыл алынды», - деди Эрбол Султанбаев.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
13:43
Кечээ
13:37
Кечээ
14:40
-ж., 18-август
Атайын тема
live comments feed...
Комментарийлер