• Башкы бет
  • Эл аралык террористтик уюмдун активдүү мүчөсү кармалды
14:01, -ж., 13-август

Эл аралык террористтик уюмдун активдүү мүчөсү кармалды

Эл аралык террористтик уюмдун активдүү мүчөсү кармалды

11-августта УКМК тарабынан уланып жаткан терроризмге каршы иш-чаралардын алкагында, эл аралык террористтик уюмдардын (МТО) активдүү мүчөсү, 1983 -жылы туулган Кыргыз Республикасынын "А.А." аттуу жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.

Такталган боюнча, кармалган адам 2019-жылы Эл аралык террористтик уюмдун бандиттик түзүлүштөрүнүн тарабында куралдуу чыр-чатакка катышуу максатында, Кыргыз Республикасынан чыгып кеткен жана куралдуу чыр-чатактар зонасына өтүүнү пландаштырган. Афганистандагы (Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө тыюу салынган) "Ислам мамлекети" эл аралык террористтик уюмунун лидерлеринен тапшырмсы менен, Кыргыз Республикасында террористтик мүнөздөгү иш-аракеттерди уюштурууну пландаштырган.

Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жана сот органдарынын чечими менен кармалган адам Баткен облусунун убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда КР УКМК тарабынан “А.А” аттуу жарандын кылмыштуулукка байланышкан иштерин аныктоо боюнча ыкчам-издөө комплекстүү иш-чаралар уланууда.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...