• Башкы бет
  • Садыр Жапаров милициянын ишкерлерди текшерүүсүнө каршы
11:58, -ж., 13-август

Садыр Жапаров милициянын ишкерлерди текшерүүсүнө каршы

Садыр Жапаров милициянын ишкерлерди текшерүүсүнө каршы

Президент Садыр Жапаров участкалык милиция кызматкерлерине ишкер чарбаларды текшерүү укугун берүү демилгесине каршы чыкты. Мындай маалымат президенттин сайтына жарыяланды.

Анда жазылгандай президент Садыр Жапаров Экономика жана финансы министрлигинин экономикалык чөйрөдөгү мыйзам бузууларды аныктоо жана аларга бөгөт коюу боюнча ички иштер органдарынын участкалык кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын кеңейтүү демилгеси боюнча өз позициясын билдирди.

Мамлекет башчысынын белгилешинче, ички иштер органдарынын кызматкерлери ишкердик субъектилердин ишине эч кандай кийлигишпеши керек. Участкалык ыйгарым укуктуу милиция кызматкерлери өздөрүнүн түздөн-түз милдеттерин - коомдук тартипти коргоо жана ага бөлүнгөн участокто кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча профилактикалык иштерди аткарууга милдеттүү.

Ал азыркы учурда өлкөдө текшерүүлөрдүн азайышы жана инвестицияларды тартуу менен ишкердик кылууга жагымдуу шарттар түзүлүп жатканын белгиледи.

Буга байланыштуу президент Садыр Жапаров Экономика жана финансы министрлигинин участкалык милиция кызматкерлерине аталган ыйгарым укуктарды берүү демилгесине караманча каршы чыгат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...