
11:43, 2021-ж., 13-август
УКМК мыйзамсыз ташылган унаалардын жолуна бөгөт койду

"Унаа" мамлекеттик мекемесинен коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, УКМК органдарында коррупциялык схемаларды бузуу боюнча көрүлгөн чаралардын алкагында, 2015-жылдан бери Кыргыз Республикасына ташууга тыюу салынган оң рулдуу унааларды мыйзамсыз легалдаштыруунун туруктуу каналын бөгөт коюлду.
"Жүргүзүлүп жаткан ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө "Ак-Тилек" жол көзөмөлдөө пунктунун кире беришинде 15 жеңил автоунаа менен 2 оор жүк ташуучу унаалар токтотулган, текшерилгенде булар үчүн транспорт каражаттарынын каттоо (кайра каттоо) күбөлүктөрү, 2021-жылы эки айдын ичинде тагырагы (июнь-июль) айларында Чүй облусундагы "Унаа" МИнын бөлүмдөрү тарабынан мурунтан эле берилген. Ошол эле учурда, алардын кээ бирлеринин кузовторунун идентификациялык номерлери транспорт каражаттарын каттоо күбөлүктөрүндө көрсөтүлгөндөргө дал келген эмес.Учурда бул ишке тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо жана жоопко тартуу боюнча ыкчам тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө. КРнын Юстиция министрлигинин алдындагы МККнын Транспорт каражаттарын жана айдоочуларды каттоо департаменти дагы (ТКАКД), аныкталган коррупциялык схемага аралашкан.",-деп айтылат маалыматта
УКМК эскертет, "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, 2015-жылдын 26-февралындагы No40, 2015-жылдын 3-июнунан тартып оң рулдуу транспорт каражатын каттоого алып кирүүгө тыюу салынган, коммуналдык кызматтарга, айыл чарбасына, жол курууга (тейлөөгө) арналган автотранспортту кошпогондо (автокрандар, жүк ташуучу машиналар, бетон аралаштыргычтар, сугаруучу машиналар) Кыргыз Республикасынын аймагында эксплуатацияга жана жол кыймылына катышууга, жана ошондой автотранспорттун башка түрлөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
"Бул тыюу салуунун максаты - Кыргызстандын автомобиль транспортунун иштешинин эффективдүүлүгүн жана коопсуздугун жогорулатуу болуп эсептелинет. Бул мыйзам "оң рулдуу" унаалардын катышкан кырсыктарынын санын азайтууга багытталган.",-деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, бул мыйзамдын күчүнө кириши буга чейинки оң рулдуу унааларга тиешеси жок, мыйзам күчүнө киргенден кийинкилерге кана.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
16:36
-ж., 23-сентябрь
16:33
-ж., 23-сентябрь
16:30
-ж., 23-сентябрь
16:27
-ж., 23-сентябрь
16:23
-ж., 23-сентябрь
15:36
-ж., 22-сентябрь
15:33
-ж., 22-сентябрь
15:31
-ж., 22-сентябрь
Атайын тема
Жарыялар
19:36, -ж., 17-сентябрь
10
14:03, -ж., 12-сентябрь
22
live comments feed...
Комментарийлер