• Башкы бет
  • А. Мамбетов: Ош шаарынын бюджетин жарым млн.го көтөрүүгө мүмкүнчүлүк бар
16:23, 2021-ж., 12-август

А. Мамбетов: Ош шаарынын бюджетин жарым млн.го көтөрүүгө мүмкүнчүлүк бар

А. Мамбетов: Ош шаарынын бюджетин жарым млн.го көтөрүүгө мүмкүнчүлүк бар

Бүгүн, 12-август күнү Ош шаарынын мэриясынын кезектеги коллегиялык жыйыны болуп өттү. Ага Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов, коллегиялык жыйындын мүчөлөрү, шаардагы мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканаларынын жетекчилери катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы таратты.

Коллегиялык жыйында эки маселе күн тартибинде каралды:

1. Ош шаарынын 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсү-нүн жыйынтыктары жана 2021-жылдын экинчи жарым жылдыгына карата милдеттер жөнүндө;

2. Кыргыз Республикасынын «Билим берүү» Мыйзамынын аткарылышы 2020-2021-окуу жылындагы Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринин ишмердүүлүгү жана жаны 2021-2022-окуу жылына карата даярдыктар жөнүндө;

Шаар башчысынын милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов жергиликтүү бюджетти көбөйтүү багытына каттуу талаптарды койду. 

"Ош шаарынын бюджетин дагы 500 млн.го жогорулатууга толук мүмкүнчүлүк бар. Бул үчүн салык кызматы аймактык башкармалыктардын башчылары менен биргеликте көмүскө экономиканы жоюу багытында каттуу иш алып баруу зарыл. Ошондой эле, санариптешүү багытын чечип, бирдиктүү электрондук базаны иштеп чыгуу учурдун талабы. Жыл аягына чейин бул багыттагы иштерди бүтүрүүнү мэриянын тышкы байланыштар жана аналитика бөлүмүнө жана салык кызматына тапшырам",- деди А.Мамбетов.

Ошто патенттин негизинде иштеген 7 миң 440 ишкер катталган. Жалпысынан Ош шаарында 34 миң салык төлөөчү бар, анын ичинен 13,5 миңи активдүү салык төлөп келет. Көмүскө экономиканын пайыздык көрсөткүчү 23% экендигин статистика кызматы белгиледи.

2021-жылдын январь-июнунда жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы трансфертерди жана атайын каражаттарды кошкондо 105,8% түзүп, жеткирилген план 618 млн. 600 миң сом болсо, иш жүзүндө 654  млн 700 миң сом жыйналып, пландан тышкары кошумча 36 млн. сом жыйналган. Өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 191 млн. 200 миң сом ашыкча жыйналып, өсүү темпи 141,2 % түздү.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...