
13:52, 2021-ж., 12-август
Баткенде ооруканага атылган ок боюнча иликтөө жүрүүдө

Кечээ, 11-августта Лейлек районунун Интернационал айылындагы аймактык оорукананын терезесине ок атуу боюнча окуя иликтенип жатат. Бул тууралуу президенттин Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев билдиргенин "Турмуш" басылмасы жазды.
Анын айтымында, бүгүн облус жетекчилигинде күч түзүмдөрү менен биргеликте чукул жыйын уюштурулду. Анда чек арада болуп жаткан кырдаал талкууланып, тапшырмалар коюлду. Интернационал айылындагы оорукананын хирургия бөлүмүнүн терезесине ок атылганды боюнча тиешелүү кызматтар териштирүү иштерин жүргүзүп жатат.
Ага катар эле чек арага жакын жерлерге тажик тарап окопторду казып жаткандыгы маалым болгон. Бул боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.
«Мен Тажикстандын Согди облусунун губернатору менен сүйлөштүм. 1-2 күндүн ичинде жолугушуу болот. Анда чек арадагы абал боюнча сүйлөшүү жүргүзүлөт. Чек арачылар да тажик тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Эгерде мындай көрүнүштөр боло берсе дагы чыр-чатак башталып кетиши мүмкүн. Аны алдын алуу боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр болушу керек. Эл арасында ар кандай маалыматтар чыгып жатат. Бирок алардын арасында чындыка дал келгени да бар. Аларды тактап, текшерүү керек», - деди ал.
Жакында эле Максат айылындагы такталбаган аймака тажик тарап дубал курган болчу. Алимбаев учурда ал жумуш токтотулуп, тажик тарапка бул боюнча атайын маалымат берилгенин билдирди. Бул мыйзамсыз курулган дубал бузулуп, мурдагы калыбына келтирилиши керек.
Бүгүн, 12-августта Баткендин Көк-Таш айылындагы Төрт-Көчө аймагында Баткен районунун акими, тиешелүү укук коргоо органдары тажик тараптын өкүлдөрү менен сүйлөшүү үчүн жолугат.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
14:43
Кечээ
14:38
Кечээ
14:36
Кечээ
Атайын тема
Жарыялар
15:20, -ж., 18-ноябрь
15:37, -ж., 18-ноябрь
12:31, -ж., 21-ноябрь
29
live comments feed...
Комментарийлер