16:55, 2021-ж., 11-август

Алайда тоо эчкилеринин саны өсүүдө

Алайда тоо эчкилеринин саны өсүүдө

Алай районунун Нура жана Көк-Суу аймагындагы тоолордо байырлаган тоо эчкилердин саны көбөйүүдө. Бул тууралуу Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Оштогу өкүлчүлүгүнүн адисм Ажимамат Бердибаев билдиргенин "Турмуш" басылмасы жазды.

Анын айтымында, акыркы жылдары Алай районунун тоолорунда айрым жапайы жаныбарларды дээрлик кездештирбей калган.

«Өзүмдүн адистигим боюнча 1980-1986-жылдары Алай районунда иштегем. Жергиликтүү тургундардан тоо жаныбарлары жөнүндө маалымат топточумун. Анда кийик, тоо теке, кулжа, аркар да бар болчу. Алар аябай көп эле. Союз тарагандан кийин, адамдардын мыкаачылыгынан улам алардын саны кескин түрдө азайып кеткен. Азыр аркар жана кулжаны издеп таппайсың. Булардын көбөйүшү жердин тычтыгынан көз каранды. Алар бир байыр алган жерине келе беришет. Азыр Нура жана Көк-Суу айылдарында тоо текелер көбөйүп, аркарлар да келе баштаптыр. Майда эчкилери 400гө жакын, чоң текелери 60тан көп го менимче», - деди ал.

А.Бердибаев Алай кырка тоолорундагы кийик жана тоо текелерге аңчылык кылууга, канаттулардан уларды атууга тыюу салынгандыгын жана мамлекет тарабынан 3 жылга мораторий жарыялагандыгын кошумчалады.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...