
15:17, 2021-ж., 11-август
Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун төрагасы Артем Новиков Ошто ишкерлер менен жолукту

Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун төрагасы Артем Новиков Ош шаарында Ош облусундагы жана шаарындагы ишкерлер менен жолукту.
Жолугушууда ишкерлер райондорго логистикалык борборлорду, жеңил өнөр-жай тармагындагы ишканаларды, кызмат көрсөтүүчү компанияларды, зер буюмдарды жасоочу ишканаларды куруу боюнча долбоорлор бар экенин айтып, фонд тарабынан жеңилдетилген насыя берилиши керектигин айтышты.
Артем Новиков фонд тарабынан доллар жана сом менен, эки багытта насыялар берилерин, сом менен насыянын үстөк пайызы жогору болорун, бирок насыянын суммасы чектелүү болорун, доллар менен насыя көп суммада берилерин, бирок үстөк пайызы аз болорун белгилеп, ишкерлердин алгылыктуу долбоорлорун колдоорун билдирди.
Кыргыз-орус фонду тарабынан Ош облусунда 280 долбоорлор 22 млн.долларга каржыланган. Фонд 2014-жылы Россиянын 1 млрд.доллар капиталынын эсебинен кыргыз экономикасын көтөрүү максатында негизделген. Фонд түзүлгөндөн бери өлкөдө 800дөн ашык долбоор каржыланган.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
16:36
-ж., 23-сентябрь
16:33
-ж., 23-сентябрь
16:30
-ж., 23-сентябрь
16:27
-ж., 23-сентябрь
16:23
-ж., 23-сентябрь
15:36
-ж., 22-сентябрь
15:33
-ж., 22-сентябрь
15:31
-ж., 22-сентябрь
Атайын тема
Жарыялар
14:03, -ж., 12-сентябрь
22
19:36, -ж., 17-сентябрь
10
live comments feed...
Комментарийлер