12:28, 2021-ж., 11-август

Ошто кассир кыз каза болду

Ошто кассир кыз каза болду

9-августтан 10-августка караган түнү Ош шаарында май куюучу жайда иштеген кыз каза болду. Бул тууралуу маалыматты Ош ШИИБдин басма сөз кызматы тастыктаганын "Турмуш" басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, ал шаардагы каналда колун сууга жууйм деп жатып агып кеткен.

«Кырсык шаардын Раззаков көчөсүндө 9-августтан 10-августка караган түнү болгон. Каналга ошол аймактагы май куюучу жайлардын биринде кассир болуп иштеген 2001-жылкы кыз колун жууйм агып кеткен. Кыздын сөөгү 150 метр ылдыйдан табылган. Ата-энеси кызды медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышкан», - деп айтылат маалыматта.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...