12:24, 2021-ж., 11-август

Мелис Аспеков ооруканага жаткырылды

Мелис Аспеков ооруканага жаткырылды

Активист Мелис Аспеков СИЗО-1 абагынан Улуттук кардиология жана терапия борборуна жеткирилди. Бул тууралуу АКИpress агенттигини аталган борбордун директору Акпай Сарыбаевге шилтеме билдирүү менен жазды.

Анын айтымында, Аспеков ооруканага кечээ, 10-августта инфаркт менен түшкөн.

«Ал жандандыруу бөлүмүндө, бардык керектүү медициналык жардам көрсөтүлдү. Абалы турукташты. Бүгүн жалпы палатага которууну пландап жатабыз. Ал дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда», - деди Сарыбаев.

38 жаштагы Аспеков «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчисинен 250 миң доллар опузалаган деп айыпталууда. Соттун чечими менен 15-августка чейин камакка алынган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...