• Башкы бет
  • Кумтөр кени боюнча иликтөөнүн алдына ала жыйынтыгы айтылды
12:18, 2021-ж., 11-август

Кумтөр кени боюнча иликтөөнүн алдына ала жыйынтыгы айтылды

Кумтөр кени боюнча иликтөөнүн алдына ала жыйынтыгы айтылды

УКМК Кумтөр кенин иштетүү боюнча долбоорду ишке ашыруунун ар кандай этабындагы коррупциялык фактылар боюнча козголгон кылмыш ишинин иликтөөсүнүн алгачкы жыйынтыктары тууралуу маалымат берди.

Маалыматка караганда келишимдерди түзүүдө жана ар кандай толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү жана тактоолорду киргизүүдө, «Камеко» жана «Центерра» менен кызматташууда ири өлчөмдөгү коррупциялар болгону далилденди. Кумтөр кенин иштетүүгө байланышкан шарттар Кыргыз Республикасынын элинин түпкү кызыкчылыктарына жооп бербейт.

Буга байланыштуу 1992-жылы Башкы келишимди түзүүдө жана 1994-жылы ага өзгөртүүлөрдү киргизүү учурунда коррупция фактысы боюнча экс-президент А.Акаев сырттан соттолуп, экс-премьер-министрлер Т.Чыңгышев, А.Жумагулов жана «Кыргызалтын» мамлекеттик компаниясынын мурдагы президенти Д.Сарыгулов, Экономикалык кайра куруу жана өнүктүрүү комитетинин экс-төрагасы Б.Бирштейн издөөдө жүргөн.

"2003-жылы «Камеко» компаниясы менен түзүлгөн Башкы келишимди реструктуризациялоо учурундагы коррупция үчүн мурдагы президент А.Акаев дагы кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Ошентип, бул реструктуризациялоонун натыйжасында «Центеррадагы» Кыргыз Республикасынын үлүшү 33,33%ды гана түзгөн.

Тергөө 2009-жылы «Кумтөр» долбоорунун жаңы шарттары жөнүндө келишим түзүүдө коррупциялык фактыга юридикалык баа берилген. Анын жүрүшндө 1992, 1994 жана 2003-жылдары түзүлгөн келишимдер «Центерранын» кызыкчылыктарын улуттук кызыкчылыктардан жогору коюп, бул компанияга республиканын экологиясына жана экономикалык кызыкчылыктарына зыян келтирүү үчүн атайлап чексиз мүмкүнчүлүк берилгени аныталган",-деп айтылат билдирүүдө.

Буга байланыштуу, бул эпизоддор боюнча кылмышка шектүү экендиги тууралуу билдирүү өлкөнүн экс-премьер-министри И.Чудиновго жана «Кыргыз алтын» компаниясынын башкармалыгынын мурдагы төрагасы А.Жакыповго берилген. Мамлекеттик геология агенттигинин мурдагы директору К.Курманалиевге, директорлор кеңешинин төрагасы А.Елисеевге, инвестордун өкүлү А.Сазанов, экс-президент Курманбек Бакиев жана анын уулу Максим Бакиевге издөө жарыяланган.

"Ошондой эле 2012-2014-жылдар аралыгында өлкөнүн кызыкчылыгына зыян келтирген кылмыштуу аракеттер аныкталган фактыларга байланыштуу экс-премьер-министр Ө.Бабанов, биринчи вице-премьер-министр Т.Сарпашев, депутаттар А.Жээнбеков, Т.Узакбаев, А.Баатырбеков, И.Пирматов, ошондой эле президенттин жана өкмөттүн Жогорку Кеңештеги мурдагы өкүлдөрү Д.Нарынбаев жана Д.Молдошева жоопко тартылган.

Тергөөдө аныкталган коррупциялык фактыларды эске алуу менен, тергөө Башкы прокуратура менен бирге Кумтөр боюнча келишимдерди денонсациялоо процессин баштады",-деп айтылат билдирүүдө.

Ошентип, 1992-2009-жылдардагы эпизоддор боюнча тергөө иштери акыркы стадияда турат. Ошол эле учурда 2017-жылы Кумтөр боюнча кийинки келишимдерди түзүү жана Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча тергөө уланып жатат. Анын жыйынтыгы боюнча айыпталуучуларга юридикалык баа берилет.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...