
14:35, 2021-ж., 10-август
Баткенде жаңжалда жабыркагандардын курулуштарынын жарымы бүттү

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан жабыркаган 5 мектеп, 2 бала бакча жана 1 ФАПты куруу жана капиталдык оңдоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Бердимурат Жалилов билдирди. Бул тууралуу "Азаттык" жазды.
8 объектти курууга жана капиталдык ремонттон өткөрүүгө 250 млн. сом каралган, учурда 150 млн. сому каржыланган.
Курулуп жаткан объекттер:
Ак-Сай айылындагы Ходжаев атындагы мектеп, Ак-Сай айылындагы ФАП, Кызыл-Бел айылындагы 225 окуучуга ылайыкталган мектеп, Максат айылындагы мектеп (капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүүдө). Борбордук айылындагы 225 окуучу орундуу мектеп, Маргун айылындагы 225 окуучу орундуу мектеп, Кулунду айылындаты 140 орундуу бала бакча, Интернационал айылындагы 100 орундуу бала бакча.
Архитектура агенттиги куруу-калыбына келтирүү жумуштары эки нөөмөт менен аткарылып жатканын билдирет.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
13:36
-ж., 30-сентябрь
13:34
-ж., 30-сентябрь
ТОП новости
Атайын тема
Жарыялар
14:15, -ж., 26-сентябрь
28
live comments feed...
Комментарийлер