• Башкы бет
  • 60 бодо малды мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюлду
14:30, 2021-ж., 10-август

60 бодо малды мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюлду

60 бодо малды мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюлду

Мамлекеттик салык кызматы кыргыз-казак чек арасынан Кыргызстанга 60 баш бодо малды мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюлганын билдирди. Бул тууралуу"Азаттык" жазды.

Салык кызматы тараткан маалыматка ылайык, тиешелүү документтери жок үч жүк ташуучу унаа кармалган. Анда 150 миң рубль турган 20 даана авто дөңгөлөк жана суммасы 1,5 млн рубль турган 60 баш ири мүйүздүү мал болгон.

Андан сырткары документи жок 6 тонна коон жүктөлгөн 2 жүк ташуучу автомашина кармалган.

Салык кызматы 2021-жылдын жети айында Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттерден мыйзамсыз товар ташылып келинген 1083 учур катталганын билдирет.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...