16:22, 2021-ж., 9-август

Ашын бергенден кийин каза болду

Ашын бергенден кийин каза болду

Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районунун ардактуу атуулу Насирдин Туйгунов 78 жашында дүйнө салганын шакирти Имарбай Бакиров билдиргенин Турмуш басылмасы жазды.

«Насирдин Туйгунов Алай жана Чоң-Алай райондорунун агартуу майданында ат көтөргүс эмгек кылды. Ош мамлекеттик институтунун орус тили жана адабияты факультетин аяктаган. Алгачкы эмгек жолун Дароот-Коргон айылындагы «Коммунист» орто мектебинде баштаган. Андан соң директордун орун басары, Дароот-Коргондогу кесиптик окуу жайдын директору, Чоң-Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы, Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн эки жолку башчысы болгон. Кыргыз Республикасынын президиумунун ардак грамотасына жана ведомстволук бир катар сыйлыктарга татыган. Билим берүүнүн мыктысы төш белгиси жана «Даңк» медалы менен сыйланган», - деди ал.

Туйгуновдун кызы Саадат Туйгунова буга чейин Чоң-Алай районунун акиминин социалдык иштер боюнча орун басары болуп эмгектенген.

Насирдин Туйгунов кечээ, 8-август күнү бардык тууган-урук, айылдаштарын чакырып, аш өткөргөн. Ашын өткөргөндөн кийи ошол күнү каза тапканы белгилүү болду. Артында жубайы, 1 уул жана 5 кызы калды.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...