
14:37, 2021-ж., 9-август
Өзгөндө жол кырсыгынан улам бир адамдын өмүрү кыйылды

Кечээ, 8-август күнү Өзгөн районунун Шералы айылындагы жол кырсыктан адам өмүрү кыйылды. Бул туурасында Ош облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдиргенин Турмуш басылмасы жазды.
Маалыматка караганда, окуя 8-август күнү таңкы саат 5:50 чамасында катталган. Шералы айылында Ноокат районунун 1995-жылы туулган тургуну А. уулу И. «Хендай Портер» үлгүсүндөгү унаасын башкарып бара жатканда каршы тилкедеги «Хонда Стэпвагон» унаасы менен кагышкан. Анын кесепетинен «Хендай Портердин» айдоочусу А. уулу И., «Хонда Степвагондун» 1996-жылы туулган айдоочусу С. уулу Т., «Хонда Стэпвагондун» жүргүнчүлөрү — 1973-жылы туулган Э.Ж. (аял), 1975-жылы туулган К.Г. (аял) түрдүү жаракаттарды алып, Өзгөн аймактык ооруканасына жеткирилген.
"Хонда Степвагон» унаасынын дагы бир жүргүнчүсү 1973-жылы туулган А.Г. (аял) Өзгөн аймактык ооруканасында алган жаракатынан улам көз жумган. Жол кырсыктан жабыркаган 2 адам Ош облустук бириккен клиникалык ооруканага жеткирилген.
Ош обустук бириккен клиникалык ооруканасынын маалыматына караганда, «Хендай Портердин» айдоочусунун мээси чайкалганы аныкталган. Туугандары Ноокаттагы ооруканаларда дарылатабыз деп алып кетишкен.
Өзгөн аймактык ооруканасында жаткан жарандардын абалы боюнча ооруканадан маалымат толук такталып жатканын билдиришти. Алардын ден соолугу боюнча дагы маалымат берилет.
Кечээ ӨКМ аталган жол кырсыктан жабыркагандардын абалы оор экенин билдирген болчу.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
16:36
-ж., 23-сентябрь
16:33
-ж., 23-сентябрь
16:30
-ж., 23-сентябрь
16:27
-ж., 23-сентябрь
16:23
-ж., 23-сентябрь
15:36
-ж., 22-сентябрь
15:33
-ж., 22-сентябрь
15:31
-ж., 22-сентябрь
Атайын тема
Жарыялар
19:36, -ж., 17-сентябрь
10
14:03, -ж., 12-сентябрь
22
live comments feed...
Комментарийлер