• Башкы бет
  • Кара-Сууда 152 үй-бүлөгө социалдык шаарча курулууда
14:33, 2021-ж., 9-август

Кара-Сууда 152 үй-бүлөгө социалдык шаарча курулууда

Кара-Сууда 152 үй-бүлөгө социалдык шаарча курулууда

Кара-Суу районунун Эшме айылында 152 үй-бүлөгө социалдык шаарчанын курулушу башталды. Бул тууралуу Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы таратты.

Маалыматка караганда, кечээ, 7-август күнү Ош областынын Кара-Суу районуна караштуу Эшме айылында 152 жесир жана көп балалуу жалгыз бой энелер үчүн салына турган жаңы социалдык шаарчанын курулушуна капсула салуу аземи өткөрүлдү.

Иш-чарага Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, Кара-Суу районунун акими Турусбек Ногоев жана “Ас-Сафа Борбору” коомдук бирикмесинин төрагасы Мухаммад Альшай катышты.

Кувейт өлкөсүнүн “Ас-Сафа Борбору” коомдук бирикмеси тарабынан каржыланып жаткан социалдык шаарчага 4 батирлүү 25 үй, ФАП, тигүү цехи, дүкөн, футбол аянтчасы, нан жабуучу жай жана мечит курулат. Аталган шаарча 2022-жылдын май айында пайдаланууга берилет.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...