Үйүнө барбай жүргөн бала кайыр сурап жүргөн жеринен табылды

Беш күндөн бери үйүнө барбай жүргөн 10 жаштагы бала Ош шаарында кайыр сурап жүргөн жеринен табылды. Бул тууралуу Ош ШИИБи боюнча милициянын кайгуул-күзөт кызматынын басма сөз кызматынан билдиришкенин Турмуш басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 9-августта саат 02:20 чамасында Ош ШИИБи боюнча милициянын кайгуул-күзөт кызматынын кызматкерлери Ош кичи районунда кызмат өтөп жүрүшкөн. Ошол учурда А.Масалиев менен Ж.Раимбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жаш баланын кайыр сурап жүргөнүн көрүшкөн. Андан кийин ал баланы Ак-Буура милиция бөлүмүнүн жаш өспүрүмдөр менен иштеген инспекторлорго өткөрүп беришкен.
Аталган бала Кара-Суу районунун 10 жаштагы тургуну болгон. Ал үйүнөн 5 күн мурда чыгып кеткен бойдон барган эмес. Бул боюнча Ак-Буура милиция бөлүмүнүн тергөө тобу өз ишин жүргүзүүдө.
Комментарийлер