• Башкы бет
  • Олимпиада жыйынтыкталды. Медалдар боюнча АКШ биринчи
15:06, 2021-ж., 8-август

Олимпиада жыйынтыкталды. Медалдар боюнча АКШ биринчи

Олимпиада жыйынтыкталды. Медалдар боюнча АКШ биринчи

Япониянын Токио шаарында өткөн XXXII жайкы Олимпиада жыйынтыкталды. Мелдештердин жыйынтыгына караганда жалпы командалык эсепте   үч орунду АКШ, Кытай, Япония курамалары ээледи.

Жалпы командалык эсепте ондукка кирген курамалар:

1. Америка Кошмо Штаттары- 39 алтын, 41 күмүш, 33 коло, жалпы 113 медалга ээ болду;

2. Кытай- 38 алтын, 32 күмүш, 18 коло, жалпы 88 медалга  ээ болду;

2. Япония- 27 алтын, 13 күмүш, 18 коло, жалпы 58 медалга ээ болду;

4. Улуу Британия- 22 алтын, 21 күмүш, 22 коло, жалпы 65 медалга ээ болду;

5. Орусиянын Олимпиада Комитети- 20 алтын, 28 күмүш, 23 коло, жалпы 71 медалга ээ болду;

6. Австралия - 17 алтын, 7 күмүш, 22 коло, жалпы 46 медалга ээ болду;

7. Голландия- 10 алтын, 12 күмүш, 14 коло, жалпы 36 медалга ээ болду;

8. Франция- 10 алтын, 12 күмүш, 11 коло, жалпы 33 медалга болду;

9. Германия- 10 алтын, 11 күмүш, 16 коло, жалпы 37 медалга ээ болду;

10. Италия- 10 алтын, 10 күмүш, 20 коло, жалпы 40 медалга ээ болду.

Медалдардын саны боюнча Орто Азия мамлекеттеринин көрсөткүчү:

1. Орто Азия мамлекеттеринин ичинен Өзбекстан курамасы жалпы командалык эсепте 3 алтын, 2  коло медалга ээ болуп дүйнөдө 32-орунга Орто Азияда биринчи орунга татыктуу болду;

2. Кыргызстан курамасы жалпы командалык эсепте 2 күмүш, 1 коло медалга ээ болуп, дүйнөдө 70-орунга, Орто Азияда экинчи орунга татыды.

3. Түркмөнстан курамасы 1 күмүш байгеси менен дүйнөдө 77-орунда, Орто Азия мамлекеттеринин ичинен үчүнчү сапка жазылды;

Казакстан курамасы 1 күмүш байгеге ээ болуп, дүйнөдө 83-орунга, Орто Азия мамлекеттеринин ичинен төртүнчү сапка илинди;

Тажикстандын спортчулары Олимпиаданы медалсыз жыйынтышкан.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...