
13:30, 2021-ж., 7-август
Айсулуу Тыныбекова Париждеги Олимпиадага катышабы?

Эркин күрөш боюнча Токиодогу жайкы Олимпиадада күмүш медалга ээ болгон Айсулуу Тыныбекова Парижде өтчү Олимпиадага катышары жөнүндө ойлоно элек. Бул тууралуу Айсулуу Тыныбекова "Манас" эл аралык аэропортундагы маалымат жыйында журналиттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
Анын айтымында, Парижде өтчү Олимпиадага катышары боюнча ойлоно элек. Машыктыруучулар менен кеңешүүгө убакыт болгон жок.
"Азыркы учура эч кандай ой жок. Алтын медаль алам деп ойлогом. Кудайдын буйругу менен экинчи орунду алып калдым. Учуп келетканда деле, ал жакта деле машыктыруучулар менен жакшылап сүйлөшкөнгө убакыт болгон жок. Бир жумадан кийинби же кийинби Париждеги Олимпиадага катышамбы же жокпу чечимимди айтам",-деди Тыныбекова.
Айсулуу Тыныбекова Токиодогу Олимпиадада жергиликтүү балбан Юкако Каваи менен килемге чыгып, 3-2 эсебинде утулган.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
13:36
-ж., 30-сентябрь
13:34
-ж., 30-сентябрь
ТОП новости
Атайын тема
Жарыялар
14:15, -ж., 26-сентябрь
28
live comments feed...
Комментарийлер