
12:21, 2021-ж., 7-август
Европада газдын баасы кескин жогорулады

Европада көгүлтүр оттун миң кубометри 540 доллардан ашып түштү. "Коммерсантъ" баа "Газпром" ишканасынын Ямал-Ненец автоном аймагындагы заводу жарылгандан кийин көтөрүлүп кеткенин жазды. Мындай маалыматты "Азаттык" жазды.
Маалыматка ылайык, 5-августтан 6-августка караган түнү Уренгойдогу "Газпром кайра иштетүү" заводу жарылгандан бери "Ямал – Европа" газ кууру менен көгүлтүр отун экспорттоонун деңгээли төмөндөдү. Бейшембинин аягында Германияга келген газдын көлөмү эки эсе азайып, 1 млн. куб метрге түштү.
Маалыматта айтылгандай, Орусиянын экспортко кетүүчү газынын 80% Ямал-Ненецтеги завод аркылуу алынат. Заводдун жарылуусунан экология да жабыр тартканы кабарланууда. "Лента.ру" гезитинин маалымдашынча, заводдун жетекчилиги жарылуу боюнча маалымат берүүгө тыюу салган. Учурда кырсыктын себептери аныкталууда.
Орусиянын "Газпром" ишканасы дүйнө жүзүндөгү газ корунун 16%, ал эми Орусиядагы газ кендин 71% ээлик кылат.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
16:36
-ж., 23-сентябрь
16:33
-ж., 23-сентябрь
16:30
-ж., 23-сентябрь
16:27
-ж., 23-сентябрь
16:23
-ж., 23-сентябрь
15:36
-ж., 22-сентябрь
15:33
-ж., 22-сентябрь
15:31
-ж., 22-сентябрь
Атайын тема
Жарыялар
19:36, -ж., 17-сентябрь
10
14:03, -ж., 12-сентябрь
22
live comments feed...
Комментарийлер