16:36
-ж., 23-сентябрь
"Талибан" уюму Ооганстандын өкмөтүнүн басма сөз катчысы Даву Хан Минапалды өлтүрдү. Мындай маалыматты дүйнөлүк жалпыга маалымдоо каражаттары жазышууда.
Андагы маалыматтарга караганда буга чейин "Талибан" уюму ооган өкмөтүнүнүн абадан атып жактан соккуларына жооп кылып бир катар жогорку кызматтагыларды өлтүрөрүн эскерткен.
"Тилекке каршы террористтер бул жолу да коркоктук кадамын жасашты",-деди Ооганстандын Ички иштер министринин өкүлү Мирваис Станекзай.
4-август күнү Кабулдагы жардырууда 6 адам жаракат алган. Анда Талиптер жардырунуну өз жоокерчилигине алып, жардыруунун максат- Ооганстандын Коргоо министри Бисмилл Хан Мохаммадини өлтүрүү экенин белгилеген.
Ооганстанда АКШ менен ТАКУнун (НАТО) аскерлери чыгып баштагандан бери абал тынч эмес.
Комментарийлер