15:36
Кечээ
Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, кечээ, 6 -августта Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов Ош шаарынын күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен жыйын өткөрдү.
"Жолугушууда шаардагы коомдук-саясий абал, тынчтык жана стабилдүүлүктү сактоо маселелери талкууланды. А.Мамбетов өз сөзүндө чогулгандарды жаралган жагдайларга ыкчам жооп берип, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте активдүү иштөөгө чакырды.",-деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, жолугушууда Ош шаарынын калкты тейлөө борборуна кошумча имарат табуу маселеси талкууланды.
Комментарийлер