10:52, 2021-ж., 7-август
Арслан Сартбаевге кылмыш иши козголду

«Азия Ньюс» гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаевдин үстүнөн сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлүп баштады. Бул тууралуу бүгүн, 7-августта УКМКнын басма сөз кызматы билдиргенин Акипресс басылмасы жазды.
Сартбаев Жазык кодексинин 313-беренесинин (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу) 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмышка шектелүүдө.
«Сартбаев тарабынан интернетке жарыяланган материалда региондор ортосундагы кастыкты козутуу белгилери бар же жок экенин аныктоо боюнча тиешелүү экспертиза дайындалды», - деп айтылат маалыматта.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
13:43
Кечээ
13:37
Кечээ
14:40
-ж., 18-август
Атайын тема
live comments feed...
Комментарийлер