15:36
Кечээ
Каланбек Маркаев «Ош электр» ААКтын Баткендеги филиалынын аткаруучу директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Turmush басылмасы аймактык кабарчысына шилтеме берүү жазды.
Маалым болгондой, анын бул кызматка дайындалышы боюнча буйрукка мекеменин башчысы Медет Жумаев кол койгон. Жаңы директорду аймактагы жетекчилер менен облус башчысы Абдикарим Алимбаев тааныштырды.
Буга чейин «Ош электр» ААКтын Баткен облусундагы өкүлү болуп Мунарбек Султанов иштеп турган.
Каланбек Маркаев бул кызматка келгенге чейин энергетика тармагында эмгектенип, андан соң Баткен районунун акими кызматында иштеген.
Комментарийлер