16:36
-ж., 23-сентябрь
Лионель Месси "Барселона" футбол клубу менен келишимин узарткан жок. Бул тууралуу "Барселона" клубу расмий түрдө билдирди.
Анда эки тарап келишимди узартууну кааласа да, Ла Лиганын эрежелерине байланышкан экономикалык жана структуралык тоскоолдуктардан улам документке кол коюуга мүмкүн болбогону айтылат. Ошондуктан Месси 2021-2022-жылдары "Барселона" менен болбойт.
"Барселона" Мессиге ыраазычылык билдирип, жеке жашоосунда жана мындан аркы карьерасында ийгиликтерди каалады.
Комментарийлер