Айрым жергиликтүү судьялардын ыйгарым укуктары токтотулду

Жергиликтүү соттордун айрым судьяларынын ыйгарым укуктары токтотулду. Мындай маалымат президенттин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, Судьялар кеңеши тарабынан президент Садыр Жапаровдун атына жергиликтүү соттордун айрым судьяларынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу, аларды кызматтан бошотуу боюнча сунуштар келген.
"Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын ченемдеринин негизинде Мамлекет башчысы кол койгон Жарлыкка ылайык, Ош облусунун административдик сотунун жана Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук сотунун судьяларынын ыйгарым укуктары токтотулду.",-деп айтылат маалыматта.
Алар Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьялык кызматтарынан бошотулду:
— Абдыкадырова Зарина Омаровна;
— Шаршеев Эрмек Муслимович.
Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Комментарийлер