Кара-Сууда сел жүрүп, ондогон үйгө суу кирип, мал жандыктар селге агып кетти

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Баш-Булак, Кара-Сөгөт айылдарында жааган жамгырдан улам, сел жүрүп, ондогон турак үйлөргө суу кирип, мал жандыктар сууга аккан. Бир оор жүк ташуучу унаа жараксыз абалга келген.
ӨКМден билдиргендей, кечээ 4-август күнү саат 18:30 чамасында кыска мөөнөттү жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Баш-Булак айылында сайдан сел жүрүп, жалпы 42 үйдү (37 турак үйдүн чарбагы, 3 үйдүн жер төлөсү, 2 үйдүн ичи) сел суулары кирген) каптаган жана айылдагы балык чарбасындагы балыктарды агызып кеткен.
"Ошондой эле Кара-Сөгөт айылында 17 үйдүн ичине суу кирип, 1 үйдүн дубалын тешип кеткен. 15 үйдүн короолоруна, 1 ФАПтын короосуна сел кирген. 8 чакырым ички чарбалык унаа жолду суу жууп кетип, 7 уйду, 9 кой-эчкини жана 1 унааны («Хендай Портер») агызып кеткен.",-деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары Кара-Сөгөт айылында 2007-жылы ӨКМ тарабынан курулган тосмонун 50 метр аралыгын жууп кеткен. Электр мамычалар зыянга учурап, электр жарыгы өчкөн. Жергеликтүү тургундардан 10 адам иш алып барууда.
Комментарийлер