
15:26, 2021-ж., 5-август
Жаңы окуу жылында бирдиктүү форма талап кылынбайт

Жаңы окуу жылында милдеттүү түрдөгү мектептик форма талап кылынбайт. Мындай маалыматты Бишкектеги маалымат жыйында Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.
Анын айтымында, мурдараак эпидемиологиялык кырдаалга жана окуу форматына байланыштуу мектеп формасын талап кылбоо чечими кабыл алынган.
«Эгер окуучулардын формасы бар болсо, ошол форманы кийсе болот. Калган окуучулар классикалык стилде кийиниши керек: астында кара, үстүндө ак», - деди Жусупбекова.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
13:36
-ж., 30-сентябрь
13:34
-ж., 30-сентябрь
ТОП новости
Атайын тема
Жарыялар
14:15, -ж., 26-сентябрь
28
live comments feed...
Комментарийлер