• Башкы бет
  • Ошто жол кырсыгынан бир аял каза болду
10:34, 2021-ж., 5-август

Ошто жол кырсыгынан бир аял каза болду

Ошто жол кырсыгынан бир аял каза болду

Бүгүн, 5-август күнү саат 9:10 чамасында Ош шаарындагы унаа кырсыктан улам адам өмүрү кыйылды. Бул тууралуу "Турмуш" басылмасы күбөлөргө таянуу менен жазды.

Маалыматка караганда, кырсык шаардын Алай тарапты көздөй кеткен чыга беришинде, «Мирзалим» самсаканасынын тушунда болгон. Күмүш түстөгү «Мерседес» унаасы жолдон өтүп бара жаткан жөө аялды койдуруп кеткен. Натыйжада аял окуя болгон жерде каза болгон. Учурда аталган жерде милиция кызматкерлери иш алып барышууда.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...