
17:24, 2021-ж., 4-август
Ошто 3 жетекчи ээлеген кызматынан бошотулду

Ош шаарында 3 муниципалдык башкармалыктын башчылары ээлеген кызматын тапшырышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымат таратты.
Маалыматка ылайык, Ош шаардык «Суу канал» башкармалыгынын башчысы Дөөлөтбек Көкөчөров, «Ош-Тазалык» башкармалыгынын башчысы Нурбек Исмаилов, Ош шаардык «Жылуулук камсыздоо» ишканасынын жетекчиси Бекмурза Эргешов өз арыздарынын негизинде 30-июль күнү ээлеген кызматтарынан бошотулган. Тиешелүү буйрукка биринчи вице-мэр Замир Юсупов кол койгон.
Жогоруда аты аталган 3 кызматкер тең «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен Ош шаардык кеңешине депутат болуп, мандат алышты.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
13:36
-ж., 30-сентябрь
13:34
-ж., 30-сентябрь
ТОП новости
Атайын тема
Жарыялар
14:15, -ж., 26-сентябрь
28
live comments feed...
Комментарийлер