• Башкы бет
  • Курманбек Бакиев Кыргызстанга келсе камалат,-Башкы прокуратура
13:35, 2021-ж., 4-август

Курманбек Бакиев Кыргызстанга келсе камалат,-Башкы прокуратура

Курманбек Бакиев Кыргызстанга келсе камалат,-Башкы прокуратура

Курманбек Бакиев Кыргызстанга келсе, дароо камакка алынат, деп билдирди Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.

Кумтөр алтын кенине байланышкан коррупция боюнча козголгон кылмыш ишин УКМКнын ведомстволор аралык тергөө тобу иликтеп жатат. Анын жүрүшүндө коррупцияга аралашкан бир нече кызмат адамдарына, Жогорку Кеӊештин депутаттарына кылмышка шектелип жаткандыгы тууралуу кабарланган. Анын ичинде 1992-жылдагы Кумтөр боюнча түзүлгөн башкы келишимдин долбооруна, 1994-жылы ага киргизилген өзгөртүүлөргө, андан сырткары 2003-жылдагы «Камеко» компаниясы менен түзүлгөн башкы келишимди реструктуризациялоодогу коррупциялык аракеттери үчүн Кыргыз Республикасынын мурдагы президенти Аскар Акаевге кылмышка шектелип жаткандыгы жөнүндө кабар берилген.

Зарыл болгон тергөө аракеттерин жүргүзүү жана башка маселелерди тактоо үчүн А.Акаев 2-августта Бишкек шаарына алынып келинген.

Азыркы учурда А.Акаев тергөө органдары менен активдүү кызматташууда.

«Ал эми Курманбек Бакиев Кыргыз Республикасынын аймагына келсе же укук коргоо органдары тарабынан алынып келинсе, 2016-жылдын 29-июлундагы соттун өкүмүнүн негизинде токтоосуз камакка алынат. Анткени 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялар жана башка кылмыштары үчүн К.Бакиев 30 жылга эркиндигинен ажыратылган», - деп айтылат маалыматта.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...