09:57, -ж., 4-август

Аскар Акаев кичи мекенине барды

Аскар Акаев кичи мекенине барды

Кечээ, 3-августта мурунку президент Аскар Акаев кичи мекени болгон Чоң-Кеминге барды. Кызыл-Байрак айылында аны жакындары жана туугандары тосуп алды, деп жазды АКИпресс.

А.Акаев бир нече жыл мурун көз жумган агасы Асан Акаевдин үйүндө Куран окуду. Ошондой эле ата-энеси жана туугандары жаткан бейитке барды.

Мурунку президент менен жолугуу үчүн Чоң-Кеминге анын үзөңгүлөштөрү, коомдук ишмерлер жана саясатчылар чогулган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...