• Башкы бет
  • Темир Сариев Кумтөр кенинин ишинин алкагында кармалды
09:44, 2021-ж., 4-август

Темир Сариев Кумтөр кенинин ишинин алкагында кармалды

Темир Сариев Кумтөр кенинин ишинин алкагында кармалды

Мурдагы премьер-министр Темир Сариев кармалды, деп маалымат таратты УКМКнын басма сөз кызматы.

Сариев Кумтөр кениндеги коррупцияга шектелүүдө. Ал учурда УКМКнын абагына камакка алынды.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Сариев экономика министри, ошону менен бирге тиешелүү мамлекеттик комиссиянын төрагасы болуп турган убакта Кумтөр кениндеги экологиялык зыяндын суммасын бир нече миллиард сомго азайтып койгон. Анын кесепетинен мамлекетке эбегейсиз зыян келтирилген.

48 сааттын ичинде Биринчи май райондук соту Темир Сариевдин баш коргоо чарасын карайт.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...