• Башкы бет
  • 13 жыл күттүргөн күмүш медаль: Акжол Махмудов күмүш медаль утту
17:12, 2021-ж., 3-август

13 жыл күттүргөн күмүш медаль: Акжол Махмудов күмүш медаль утту

13 жыл күттүргөн күмүш медаль: Акжол Махмудов күмүш медаль утту

Токиодогу Олимпиада оюндарында кыргызстандык балбан Акжол Махмудов (22 жашта) алтын медаль үчүн күрөшүп, күмүш байгеге ээ болду. Махмудов 77 кг салмакка чейинки категорияда күч сынашты. Махмудов бул көрсөткүчү менен Канатбек Бегалиевдин көрсөткүчүн кайталады. Бегалиев 2008-жылы Бээжин Олимпиадасында күмүш медаль уткан болчу.

Махмудов кечээ, 2-августта Тунис, Азербайжан жана Армениянын спортчуларын жеңип, финалга чыккан. Финалдагы атаандашы — венгриялык Тамаш Лоринц (34 жашта). Ал өз салмагында дүйнөнүн учурдагы чемпиону. 2016-жылы Риодо өткөн Олимпиада оюндарында финалдык беттеште жеңилип, 2-орунду ээлеген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...