16:35, 2021-ж., 3-август

Айсулуу Тыныбекова финалга чыкты

Айсулуу Тыныбекова финалга чыкты

Кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекова Токиодогу Олимпиада оюндарында финалга жолдомо алды.

Ал бүгүн, 3-августта 62 кг салмакка чейинки категорияда күч сынашып баштаган. Бул салмакта жалпысынан 16 спортчу жолдомо алган болчу.

1/8 финалда Тыныбекова латвиялык Анастасия Григорьева менен беттешип, 8:0 эсеби менен жеңишке жетишти.

Чейрек финалда румыниялык спортчуну туше менен жеңди.

Ал эми жарым финалда украиналык Ирина Коляденкону утту. Эми финалда (4-августта) япониялык Юкако Каваи менен күч сынашат.

62 кг чейин

1/8 финал

Айсулуу Тыныбекова - Анастасия Григорьева (Латвия) - 8:0

1/4 финал

Айсулуу Тыныбекова - Криста Тунде Инче (Румыния) - туше менен

1/2 финал

Айсулуу Тыныбекова - Ирина Коляденко (Украина) - 10:0

Финал

Айсулуу Тыныбекова - Юкако Каваи (Япония)

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...