16:36
-ж., 23-сентябрь
Олимпиада оюндарына катышып жаткан кыргызстандык балбан Акжол Махмудов бүгүн, 3-августта финалдык беттешин өткөрөт.
Ал 77 кг салмакка чейинки категорияда күч сынашууда.
Махмудов кечээ, 2-августта Тунис, Азербайжан жана Армениянын спортчуларын жеңип, финалга чыккан. Эми финалда венгриялык Тамаш Лоринц менен күч сынашат.
Финалдык беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 16:30да башталат. Алгач 77 кг салмакка чейинки категориядагы коло медалдар үчүн 2 кармаш болот. Андан кийин Махмудов килем үстүнө чыгат.
Комментарийлер