• Башкы бет
  • Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга келди
09:50, 2021-ж., 3-август

Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга келди

Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга келди

Кыргызстанга «UFC» уюмунун жеңил салмактагы мурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов учуп келди.

Бүгүн, 3-августта «Манас» аэропортунда аны «EFC 38» мелдешинин уюштуруучулары тосуп алышты.

Ошондой эле Кыргызстанга мушкерлер Зубайра Тухугов, Имар Нурмагомедов жана Усман Нурмагомедов дагы келди.

Хабиб Нурмагомедов өзү ээлик кылган «Eagle Fighting Championship» уюмунун Чолпон-Ата шаарындагы турнирине конок катары катышат. Турнир бүгүн саат 17:00дө башталат.

Анда жалпысынан 19 беттеш өтөт жана анын соңунда кыргызстандык мушкер Бусурманкул Абдибаит уулу орусиялык Руслан Яманбаев менен чемпиондук кур үчүн мушташат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...