15:55, 2021-ж., 2-август

Акжол Махмудов финалга чыкты

Акжол Махмудов финалга чыкты

Грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудов Токиодогу Олимпиада оюндарынын финалына чыкты.

А.Махмудов бүгүн, 2-августта алгач Тунистин өкүлү Маафи Ладжед менен беттешкен. Аны 11:0 эсебинде жеңип, чейрек финалга чыкты.

Ал эми 1/4 финалда азербайжандык Рафиг Хусейнов менен килемге чыгып, аны да 9:1 эсебинде уткан.

Финалга жол ачуу үчүн Армениянын өкүлү Карапет Чалян менен кездешип, жыйынтыгында финалга жетти. Эми финалдык бөлүктө венгриялык Тамас Лоринц менен күч сынайт.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...