15:47, 2021-ж., 2-август

Аскар Акаев Бишкекке жеткирилди

Аскар Акаев Бишкекке жеткирилди

Мурунку президент Аскар Акаев бүгүн, 2-августта Бишкек шаарына жеткирилди. Бул маалыматты УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

«Кумтөр» кенине байланыштуу иш-чаралардын негизинде ага ведомстволор аралык тергөө тобу тарабынан издөө жарыяланганы айтылган. Ал учурда УКМКнын имаратында экени белгилүү болду.

Аскар Акаев жана бир катар мурдагы чиновниктердин үстүнөн 1992-жылы Кумтөр кени боюнча башкы келишим түзүүдө, 1994-жылы ага өзгөртүүлөрдү киргизүүдө жана 2003-жылы «Камеко» компаниясы менен башкы келишимди реструктуризациялоодогу коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Ага байланыштуу тергөө тарабынан Аскар Акаев президент болуп турганда Кумтөрдөгү коррупцияга аралашкан бардык адамдарга юридикалык баа берилген.

«Ошону менен катар УКМК адилеттүүлүктү орнотуу максатында Аскар Акаевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн зарыл болгон иштерди активдүү жүргүзүп келген», - деп айтылат маалыматта.

Учурда Аскар Акаев УКМКнын имаратында. Анын катышуусунда Кумтөр кени боюнча козголгон кылмыш иштердин алкагында зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Кошумча маалымат берилет.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...