15:36
Кечээ
Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп Алмазбек Мамбетов дайындалды. Буйрукка Министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов кол койгонун Президенттик администрациянын аймактар менен иштешүү бөлүмүнүн башчысы Жаныбек Жалалов жаңы мэрди жамаатка тааныштыруу зыйнатында билдирди.
Анын айтымында, Таалайбек Сарыбашов өзүнүн арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулду.
Алмаз Мамбетов жамаатка тааныштырылып, мурдагы башталган иштерди улантып, жаңы долбоорлорду баштарын айтты.
Алмазбек Мамбетов буга чейин Президенттик администрацияда иштеген. Мамлекеттик каттоо кызматын жетектеген. Андан мурун Балыкчы шаарынын мэри болуп иштеген.
Комментарийлер