• Башкы бет
  • Москвада чет өлкөлүктөрдүн массалык мушташынан кийин 50 адам кармалды, -ММК
23:12, -ж., 31-июль

Москвада чет өлкөлүктөрдүн массалык мушташынан кийин 50 адам кармалды, -ММК

Москвада чет өлкөлүктөрдүн массалык мушташынан кийин 50 адам кармалды, -ММК

30-июль күнү кечинде Орусиянын борбор калаасы Москва шаарындагы Верхняя Красносельская көчөсүндөгү "Тройка" соода борборунда жайгашкан "Ашан" дүкөнүндө белгисиз жарандардын ортосунда ок атуу коштолгон массалык мушташ болгон. Бул тууралуу ТАСС жазды.

Маалыматка ылайык, массалык мушташтан кийин полиция 50 адамды кармап, "Курал колдонуу менен каракчылык кылуу" беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Жаңжалга катышкан тараптардын бирөөсү экинчисине намысына тие турган сөз айткандан улам башталганы айтылууда. Мындан улам травматикалык курал колдонулуп, массалык мушташ болгон.

ТАССтын божомолуна ылайык, жаңжалга катышкандар чет өлкөлүк жарандар болушу мүмкүн.

Чет өлкөлүк жарандар аралашкан жаңжалдар биринчиси эмес, 13-июль күнү "Кузьмина" метросунда да массалык мушташ болуп, анда 200дөй орто азиялык мигранттар аралашканы айтылган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...