• Башкы бет
  • Ош шаарында милициянын кийимин кийип жарандарды коркутуп жүргөн жаран кармалды
15:10, -ж., 30-июль

Ош шаарында милициянын кийимин кийип жарандарды коркутуп жүргөн жаран кармалды

Ош шаарында милициянын кийимин кийип жарандарды коркутуп жүргөн жаран кармалды

Ош шаарынын аймагында милициянын формасын кийип, элди алдап жүргөн бала кармалды. Маалыматты Ош ШИИБдин басма сөз кызматы тастыктаганын Турмуш басылмасы жазды.

Маалым болгондой, 22-июлда саат 23:00 чамасында Ош шаарынын И.Раззаков көчөсүндө жайгашкан мейманкананын алдында белгисиз жаран шаардын 1974-жылы туулган тургуну А.С.нын «Самсунг А51» үлгүсүндөгү уюлдук телефонун сурап алып, мейманканага кирип чыкканча качып кеткен.

26-июль күнү аталган окуяга шектелип, Ош шаарынын аймагынан Өзгөн районунун тургуну, Ош шаарынын убактылуу жашоочусу, 1993-жылы туулган Т.К. кармалып, үй камагына чыгарылган.

Ош ШИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмү тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Шектүү милициянын формасын кийип, Оштогу жол тескөөчүлөргө дагы өзүн «милиция кызматкеримин» деп тааныштырып жүргөнү аныкталды.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...