• Башкы бет
  • "Акмөөр" жатаканысынын жашоочулары үйдөн чыкпай коюшту
13:36, -ж., 30-июль

"Акмөөр" жатаканысынын жашоочулары үйдөн чыкпай коюшту

"Акмөөр" жатаканысынын жашоочулары үйдөн чыкпай коюшту

Кечээ, 29-июль күнү Ош шаарындагы талаштуу «Акмөөр» жатаканасынан жашоочуларды чыгаруу иши жүрүп, жактоочу менен жашоочулар келишимге баруу жөнүндө сүйлөшүштү. Бek тууралуу Турмуш басылмасы жазды.

Жеке менчик ээси Убайдулла Бидиновдун жактоочусу Асель Назарбекова жашоочулар 20 миллион сом сунуш кылып жатканын айтат.

«Жашоочулар жолдомо менен келгенбиз дегени менен бир да соттук отурумда жолдомону да көрсөтө алышкан жок. Жолдомо менен келгендер 15 күн эс алып, кайра кетиш керек эле. 2017-жылы Ош шаардык соту тарабынан жашоочуларды чыгаруу боюнча аткаруу барагы берилген. Ошондон бери сот аткаруучулардын иши натыйжасыз болууда. Быйылкы май айында чыгарууну бир айга токтотуп туруу суранычын келтирип, Ош шаардык сотуна кайрылганбыз. Июнь айында эмес, июлда келсек деле чыкпай жатышат. Учурда жашоочулар 20 миллион сом сунуштап жатышат. Ага макул болсоң, "дароо топтоп бере албайбыз. Бөлүп төлөйбүз" дешет. Эми бул жактын сунушун жеке менчик ээсине жеткирем. Макул болобу билбейбиз», - деди А.Назарбекова.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...